КЕЧУА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ЧУА , к и ч у а – Түштүк Америкадагы индей эл

деринин бири. Перу, Боливия, Эквадор, Ко­лумбия, Түндүк-Батыш Аргентина ж-а Түндүк Чи­лиде жашашат. Жалпы саны 10 млн киши (2008). Кечуа тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү ка­толиктер. Инктер мам­лекетинин пайда болушу кечуа урууларынын этнос­тук жактан биригишине түрткү берген. Колония­лык мезгилдин (19-кылымдын 1-чейреги) аягында кечуа эл болуп калыптанып, мадания­ты өнүккөн. 19-кылымдын 70- жылдары кечуалар шаар­ларга (негизинен Лима шаарына) көчө баштаган.
Негизинен айыл чарбасында иштеп, айрымдары кол өнөр­чүлүк кылышкан. Эркектери тизеге чейин кыс­ка шым, кыска күрмө ж-а кездемеден тигилген пончо, башына фетр калпак же жүндөн токул­ган шлем (чульо), бутуна тери бут кийим кийи­шет. Аялдар кабатталган юбка кийип, ийин­дерине оромо жамынып, темир, таш, сөөк ж-а үлүлдөн жасалган кооздуктарды тагынышат.