КЕЧИЛДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЧИЛДИК – диний социалдык топ. Анын мүчөлөрү «бул дүйнөдөн кечүү», үй-жай, мүлктөн баш тартуу, үйлөнбөй так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштардан биротоло кол үзүү, белгилүү бир монастырда жашоо, анын уставы­на баш ийүү сыяктуу катаал тартиптеги турмушта өз ыктыяры менен жашап, өмүр кечирет. Кечилдик алгач биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто ченин­де буддизмде (Индия) пайда болгон. Кийинче­рээк Кытай, Жапония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө өнүккөн. Биздин замандын III кылымында христианчылыкта түзүлө баштаган (протестантизмде кечилдик жок). Кээде (толук туура келбесе да) кечилдикке мусулман дервиштерин да ко­шушат.