КЕЧКЕ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЧКЕ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн Кеч­ке-Суунун төрүндөгү 2 мөңгү (Оң ж-а Сол). О ң м ө ң г ү н ү н узундугу 11,3 км, аянты 22,5 км2, көлөмү 2,100 км3. Татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгээлинен 6280 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4990 м. Абляциясынын аянты 2,8 км2. С о л м ө ң г ү­ н ү н узундугу 5,3 км, аянты 10,2 км2, көлөмү 0,500 км3. Чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 5400 м, этеги 4100 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4750 м. Абляция­сынын аянты 7,7 км2. Мөңгүлөрдөн Кызыл-Суу­нун сол куймасы – Кечке-Суу башталат.