КЕТМЕН (кырка тоо)
КЕТМЕН – Чыгыш Теңир-Тоодогу кырка тоо.
Батыш бөлүгү Казакстанда, чыгышы Кытайда. Уз. 300 км, туурасы 40–50 км. Эң бийик жери –
Көк-Мелжиме чокусу (3658 м). Эффузив, акиташ, айрым жерлери гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Тоонун үстү тайпак, капталдары тик, терең капчыгайлары көп. Тоо этектерин талаа
өсүмдүктөрү, андан жогорку түн. капталдарын
карагай ж-а шалбаа ээлейт.