КЕТ БУКА
КЕТ БУКА (өзүнүн аты Бука) – болжол менен 13-кылымдын 1-жарымында Чыңгызхандын жортуулу учурунда жашаган акын. Ысымы уламышка айланган бул адам эл оозунда «өчкөн көңүлдү толкуткан улуу ырчы», комузчу, чечен гана болбостон, эл бийлеген бий, кара кылды как жарган калыс, ар кандай чыр-чатактын түйүнүн чече билген даанышман катары мүнөздөлөт. Кыргыздын найман уруусунан чыккан. Ал жөнүндө санжыра, уламыш, күү, легенда жана тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда да маалыматтар сакталып калган. Чыңгызхандын улуу баласы Жучунун (Жучи) өлгөнүн (ал 1227-жылы каза болот) табышмактуу ыр менен Кет Букага угузган делет. Ырдын алгачкы тексти 13-кылымда кыпчак талаасынан белгисиз перс автору тарабынан жазылып алынып, «Түрктөрдүн ата-теги» аттуу жыйнакка жана араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асирдин (1323-жылы каза болгон) жылнаамасына кирген. Перс авторунун берген маалыматына караганда, Жучу Чыңгызхандын балдарынын эң улуусу болуп, атасы өтө жакшы көрүп, кадырлоочу экен. Анын өлгөндүгү жөнүндө ордого кабар келгенде эч ким даап айта албай, ырчыны чакыртып келишет. Ал табышмактатып отуруп, баласынын өлгөнүн атасына туюнтат. Уулу өлгөндөн алты айдан кийин Чыңгызхан каза болот. Угузуунун мазмунунан анын орду Дашт- Кыпчак талаасы экендиги ачык көрүнөт. Негизинен ушул чыгармадан башат алган варианттар казак, ногой фольклорунан да катталган. Бирок, угузуунун кыргыз фольклорунда айтылышы ногой, казак нускаларынан кескин айырмаланат. Кыргыз фольклорунда бул угузуу өз алдынча өнүккөн чыгарма болуп калган. Кара сөз түрүндө эки, ыр түрүндө төрт варианты бар, ар бири мазмуну, көркөмдүгү, стили жагынан такталып, калыптанып бүткөн чыгарма болуп саналат. Дээрлик бардык нускада угузган ырчы Кет Бука же Бука (ногойлордо Кет Бука) аталып, акындык дараметинин күчтүүлүгү, комуздун муңдуу ыргагы менен оор кайгыны айта билүү, туюндуруу устаттыгы, аткаруу чеберчилиги менен окуяны Чыңгызханга жеткирип, өз сөзүн өзүнө оодарып, хандын каарынан, өлүм жазасынан кутулуп кетет. Чыгарманын азыркы турпатында да 13-кылымда кагазга түшүрүлгөн түрк ыры менен генетикалык жалпылыгы бар ыр саптарынан сакталып калган. Айрым ыр түрмөктөрүнүн түрк ырына тутумдаш айтылгандыгына карабастан,кыргыз варианттарында мааниси кеңейип, көркөмдүк-эстетикалык таасири арткан. Кет Буканын табышмагында, Чыңгызхандын чечмелешинде, кайталангыс салыштыруулар, терең ойлор орун алып, угузуу азыркы турпатында да 13-кылымдагы түрк ырынан алда канча бийиктикке көтөрүлгөн. Бул чыгарманын эл арасында көп айтылып, такталып, мазмундук көркөмдүк жагынан калыптанып, өз алдынча өсүп-өнүккөнүн тастыктайт. Ушул окуяга байланыштуу «Кет-Бука» күүсү да бизге жеткен ушул угузуунун сөздөрүнүн тереңдиги, образдуулугу Кет Буканын акындык кудуретин, көркөм сөздүн улуу чебери экендигин аныктап турат.
Ад.: Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994. Мусаев С., Турдугулов А. Көркөм сөз өнөрү. Б., 1999.
Ы. Кадыров.