КЕСМЕ
КЕСМЕ – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк менен тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат.

Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого кесме салынып жасалган суюк тамак да кесме деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а т ы к т а л г а н кесме, куурулганы к у у р м а кесме. делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө.
Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз даамы. Ф., 1984.