КЕСКЕЛДИРИКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСКЕЛДИРИКТЕР (Sauria) – түрпүлүү сойлоо­чулар түркүмчөсү. Денеси капталынан кысың­кы же тоголок, түрдүү түстө. Териси түрпүлөр м-н капталган. Узундугу 3,5 смден 4 мге (эчки эмер) жетет. Үстүңкү жаагы баш сөөгү м-н биригип өскөн. Геккондор м-н агамалардын тили жазы, эттүү, эчки эмерлердики узун, бир аз ачалан­ган, хамелеондордуку өтө узун, учу калың. Ай­рымдарынын буттары жакшы, кээ бириники начар өөрчүгөн же такыр жок. Жуп копулатив органы бар. Көпчүлүккескелдирик куйругун кесип таш­тайт (к. Автотомия). Кескелдириктердин кыйла түрү жер бетинде, кумга көмүлүп, айрымдары даракта (жерге чанда түшөт) жашайт, кээ бири учууга жөндөмдүү. Кескелдиритердин 20 тукуму (геккондор, түрпү буттуулар, агамалар, эчки эмерлер, уу тиштер, хамелеондор, кадимки кескелдирик ж. б.), 4000 түрү бардык континентте (Антарктидадан баш­ка) таралган. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукуму, 18 уруусу, 80дей түрү бар. Алар курт-кумурска, кээде майда омурткалуулар, чанда өсүмдүк м-н азык­танат. Кескелдиририктер негизинен жумуртка тууйт, жумурт­ка тирүү ж-а тирүү туучулары да бар. Жылына 3–4 жолу 35тей жумурткасын таштайт. Айрым кескелдириктин эти желет, терисинен түрдүү буюмдар жа­салат.

36 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин Кызыл ки­тебине катталган.