КЕСЕК (Араван районундагы кыштак)
КЕСЕК – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Маңгыт айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 910 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 12 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 26 км. Калкы 1002 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар.