КЕСАРЬ КЕСҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́САРЬ КЕСҮҮ (лат. sectto caesarea) – курсак­тагы баланы ж-а тонун алуу үчүн курсакты ж-а жатынды кесип, операция жасоо. Аял та­бигый жол аркылуу өз алдынча төрөй албаган учурда (жамбаш чарасы кууш, жатын айрыла турган учурда), о. эле аялдын катуу оорусунда (мис., жүрөк кемтиги, көздүн тор кабыкчасы­нын сыйрылышы ж. б. ) жасалат. Кан көп ке­тип, бала ичтен өлүп калган учурда да эненин өмүрүн сактоо үчүн да бул операция жасалат.