КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ
КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Өлүм алдында жаткан адам балдарына, жакындарына, тууган-туушканына акыл-насаат, арман иретинде керээз айтат. Ошондуктан ага чоң маани берилип, көркөм ырга, жомокко айландырылган. Жомоктордогу, эпостордогу керээз ырларында баатырларга элди жоодон коргоо, эл ынтымагын сактоо тапшырылат. Эпикалык чыгармаларда каармандар ошол чыгарманын өзүндө да айтат (мисалы: «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн керээзи», «Манастын Каныкейге айткан керээзи», «Курманбек» эпосундагы «Курманбектин досу Акканга айткан керээзи», «Саринжи-Бөкөй» дастанындагы «Жамгырчынын Бөкөйгө Саринжини табыштаган керээзи» ж. б.).