КЕРЭЭЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЭЭЗ – 1) дүйнөдөн өткөн адамдын артында калган жакындарына калтырган өтүнүчү, ама­наты, кеңеши, арман-асирети, коштошуу сөзү. Керээз тирүүлөр тарабынан сөзсүз түрдө аткарылуу­га тийиш деп эсептелинет; 2) адамдын ал өл­гөндөн кийин өз мүлкү кандайча тескелиши керек экендиги жөнүндө мыйзамда белгиленген фор­мада, жазуу түрүндө жасалган каалоо-буйругу. Ал документ милдеттүү түрдө нотариат же ага теңдештирилген мекеме-уюм тарабынан күбө­лөндүрүлүүгө тийиш.