КЕРМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМЕ , ж а а – 1) көркөм кол өнөрчүлүктүн өр­мөкчүлүк багытында колдонулуучу аспап. Ал – жаа түрүндөгү жыгач. Жыгачтын эки учу жоон кайыштар м-н тартылып, ага жыгачтан жа­салган сыдыргы кийгизилет. Керилген кайышка ичке тал-тал болуп тилинген көктү өрүшкөн; 2) эки боз үйдүн аралыгындагы кош мамынын ортосуна 1–1,5 м бийиктикте керилген аркан.
Ага таң ашырылуучу күлүк, суутулуучу аттар байланган.