КЕРИМКУЛОВ
КЕРИМКУЛОВ Медетбек Темиркулович (28. 1. 1949-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кең-Булуң айылы) – мамлекеттик ишмер. 1972-жылы ФПИни бүтүргөн. 1972–74-жылдарда Кыргыз ССРинин

айыл чарба курулуш министрлигинде мастер, прораб, 1974–82-жылдарда Токмок курулуш-монтаж трестинде улук инженер, башкы инженер, начальник, 1982–84-жылдарда Токмок шаардык өнөр жай бөлүмүнүн башчысы, 1984–85-жылдарда эл депутаттарынын Чүй райондук советинин төрагасынын орун басары, 1985–90-жылдарда Токмок курулуш-монтаж трестинин башчысы, 1990–91-жылдарда Токмок шаараткомунун төрагасынын орун басары, 1991–92-жылдарда Токмок шаардык советинин төрагасы, 1992–95-жылдарда Токмок, Ош шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчысы, 1995–99-жылдарда Бишкек шаарынын мэринин 1-орун басары, 1999–2005-жылдарда Бишкек шаарынын мэри, 2005–06-жылдарда КРдин 1-вице-премьер-министри, 2006–07-жылдарда КРдин өнөр жай, соода ж-а туризм министри, 2011-жылдан Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу. 3-даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.