КЕРИМБЕКОВ Акылбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМБЕКОВ Акылбек (10. 1. 1947-ж. т., Талас обл., Кара-Буура р-ну, Жоон-Дөбө айылы) – ма­тематик, физика-математика илимд. доктору (2003), проф. (2006), КРдин элге билим бе­рүүсүнүн отличниги (1996). КМУнун физика-ма­тематика ф-тин бүтүргөн (1970–71), Жоон-Дөбө орто мектебинде математика мугалими (1970), ФПИнин ил. лабор-сында (НИЛСС) кенже ил. кызматкер (1971–72), КМУда окутуучу, улуу оку­туучу ж-а доцент (1972–92), И. Арабаев атн.
КМПУда физика-математика ф-тинин деканы (1992–98), Ж. Баласагын атн. КУУда кафедра башчысы (1998–2006), 2006-жылдан КРСУда проф. Жайылган параметрлүү системаларды оп­тималдуу башкаруу теориясы б-ча адис. 120дан ашуун ил. эмгектин автору.


Эмг.: Математические методы оптимального управ­ления электромагнитными колебаниями. Б., 1997; Нелинейное оптимальное управление колебаниями в линиях передач. Б., 2008.