КАРА-БУЛАК (Ноокен районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-БУЛАК 4 to КАРА-БУЛАК (Ноокен районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛАК - Ош облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 920 м бийикте жайгашкан. Райондун
борбору Масы кыштагынан 7 км батыш тарапта.
Тентек-Сай темир жол бекетинен 25 км. Калкы
1448 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында
эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а ФАП
бар.