КАРА-БУЛАК (Лейлек районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-БУЛАК 1 to КАРА-БУЛАК (Лейлек районун­дагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛАК - Баткен облусунун Лейлек районун­дагы кыштак. Тогуз-Булак айыл округуна ка­раштуу. Исфана - Ош автомобиль жолунун
боюнда, деңиз деңгээлинен 1595 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Исфана шаарынан 12 км түндүк
тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажик­стан) 63 км. Калкы 2580 (2022); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин
Баатыры Р. Жолбаев туулган.