КАРА-БУЛАК (Кемин районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-БУЛАК to КАРА-БУЛАК (Кемин районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛАК - Чүй облусунун Кемин районундагы
кыштак. Кара-Булак айыл округуна караштуу.
Деңиз деңгээлинен 1172 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарча­сынан 15 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак
1919-жылы негизделген. Калкы 977 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп,
китепкана, клуб, мончо бар.