КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:22, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ КӨРҮСТӨНҮ – мезолит (биздин заманга чейинки 12–7-миң жылдык) жана неолит (биздин заманга чейинки 7–4-миң жылдык) доорлоруна таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун сол тарабында жайгашкан. 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин архео­логия жана этнология кафедрасынын археолог­дору казып, изилдеген. Казуу убагында боюнун узудугу 1,92 м келген жоокердин сөөгү, сөөктөн жа­салган камчы сап, ээрдин калдыгы, малдын омурткасынан жасалган басмайылдын тогоосу, таш куралдар, бычак, кыргыч, курал жасоочу таш чабындылар, жука, кичине нуклеус, чопо идиштер, ошондой эле биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченине таандык сабы сөөк медициналык аспап сымал буюм табылган.