КЕНИЯ (мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́НИЯ , К е н и я Р е с п у б л и к а с ы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түш.-чыгышы­нан Инди океаны, түш.-батышынан Виктория көлү м-н чулганып, түндүгүнөн Судан ж-а Эфио­пия, чыгышынан Сомали, түштүгүнөн Танзания, батышынан Уганда м-н чектешет. Аянты 581,8

миң км2. Калкы 35,1 млн (2008). Борбору – Най­роби. Расмий тили – англис ж-а суахили тилде­ри. Акча бирдиги – К. шиллинги. Адм.-айм. жактан 8 провинцияга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

К. – БУУнун (1963), Шериктештиктин (1963), Африка союзунун (1963), ЭВФтин (1964), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мам­лекет. 1963-ж. 12-декабрда Конституциясы ка­был алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – прези­дент (5 жылга шайланат). 35 жаштагы К-нын жараны президенттикке шайланууга укуктуу.
Мыйзам чыгаруу бийлиги – бир палаталуу пар­ламент – Улуттук ассамблеяга таандык (5 жылга шайланып, 224 депутаттан турат) Өкмөт прези­дент, премьер-министр (2008-жылдан) ж-а ми­нистрлерден турат. К-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук би­римдик партиясы, Сары кызыл демокр. кый­мылы.


Табияты

. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү Чыгыш Африка бөксө тоосунун түн.-чыгыш бө­лүгүндө жайгашкан. Деңиз деңг. орт. бийикт. чыгышында 500 мден, батышында 1500 мге че­йин. Бөксө тоонун борб. бөлүгү аркылуу тек­тон. ойдуңдардын кууш тилкеси (Чыгыш Аф­рика риф системасынын чыгыш тармагы) өтөт; ал ойдуңдардын айрымдарына суу толуп, көлдөр (Рудольф, Баринго, Магади) пайда болгон. Ойдуң­дар чыгышынан ж-а батышынан бийик кырка тоолор (чыгышынан Абердэр, эң бийик жери 4000 м; батышынан Мау ж-а Элгейо, 3000 м), жанартоо массивдери (5199 м, Кения чокусу – К-нын эң бийик жери) ж-а лава платолору м-н торолгон. К-нын батыш бөлүгүн калдык тооло­ру бар бийик келки бөксө тоо ээлейт. Чыгы­шында бөксө тоо аккумуляциялык жээк түз­дүгүнө (жазылыгы 50–200 км) тепкичтенип түшөт.
К-нын аймагы кембрийге чейинки кристалл­дык ж-а метаморфизмделген тоо тектерден (гра­нит, гнейс, кварцит, кристаллдык сланец) түзү­лүп, жаракалар зонасы кайнозой лавалары м-н капталган. Жээк түздүктөрү мезозойдун ж-а нео­ген-төртүнчүлүк мезгилдин деңиз чөкмөлөрүнөн турат. Табигый сода ж-а флюорит кендеринин запасы мол; цемент, курулуш акиташ теги, диа­томит, бентонит, каолин, вермикулит, гипс, та­лаа шпаты, айнек ж-а курулуш куму, баалуу таштардын (аметист, аквамарин, кордиерит, жа­шыл гранат, рубин, сапфир, турмалин) ө. ж-лык мааниси бар. Алтын, темир, ниобий, сейрек жер элементтери, коргошун, күмүш, никель, титан­циркондуу оор кум чачыранды кендери да бел­гилүү. Геотерм ресурстарынын запасы да мол.
К-да субэкватор климаты үстөмдүк кылат; аймагы кыйла бийик жайгашкандыгына бай­ланыштуу өтө ысык эмес, ным салыштырма­луу жетишсиз. Тайпак тоодо темп-ранын сут­калык өзгөрүүсү зор, климаттын бийиктик ал­кактуулугу даана байкалат. Июлдун орт. темп­расы жээк бөлүгүндө 24–25°С, тоолуу аймактын борб. бөлүгүндө 12–15°С, батышында 22°С; ян­вардыкы ошол эле тартипте 27°С, 14–18°С, 24°С. Экваторго жакын жаан-чачындуу 2 сезон (март– апрель ж-а ноябрь–декабрь) болот; түндүгүндө ж-а түштүгүндө жаан-чачындын жайкы макси­муму даана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү өлкөнүн эң кургакчыл түн.-чыгы­шында 250 ммден батышында ж-а түш.-баты­шында 1500–2000 ммге чейин. Кения тоосунда (4700–4800 м бийикте) төр ж-а өрөөн тибиндеги ондон ашык чакан мөңгү бар. Мөңгүлөрүнүн бардыгы чегинип баратат. Дарыялары сейрек, суусу аз; түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында агым айрым сезондо же мезгил-мезгили м-н пайда болот. Ири дарыялары – Тана, Галана Инди океанынын алабына кирет. Өлкөнүн борб. бөлү­гүндөгү ойдуң суусу сыртка агып чыкпаган туюк облуска кирет. Көлдөрүнүн Викториядан баш­калары (Викториянын акваториясынын чыгыш бөлүгү К-нын чегинде) туюк, тектон. кыймыл­дан пайда болгон (Рудольф, Баринго, Магади ж. б.) көлдөр.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн феррозём топу­рактары ээлейт, чыгышында ж-а түн.-чыгы­шында шор жерлер да кездешет. Тоолоруна кы­зыл ферралит, Инди деңизин жээктей күңүрт түстөгү силитозём топурактары мүнөздүү. Фло­расынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000 түрү бар; алардын 150дөн ашуун түрү сейрек ж-а жоголуп бараткандар. Токой ж-а сейрек то­кой өлкөнүн аймагынын 30%ин ээлейт. Эң кур­гакчыл түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүнө тикен­дүү токой ж-а бадалдар, ксерофилдик сейрек то­кой мүнөздүү. Алар түштүктү карай өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгүн ээлеген чөлдөшкөн саваннага (ньикага) өтөт. Өлкөнүн нымдуу батыш бөлүгүн­дө негизинен экинчи жолку өскүлөң саванна ж-а парк сымал тараган токой басымдуу. К-нын борб. бөлүгүндө баалуу дарактарга бай дайыма жашыл нымдуу тоо токою, Кения ж-а Элгон тоолорунун кырларында африка-альп өсүмдүк­төрү өсөт. Жээктей мангр токойлору кездешет. К-нын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт; анда сүт эмүүчүлөрдүн 400дөн, куштардын 1100дөн, сойлоочулардын 360тан,

Саванна.
Богория көлү – эл аралык маанидеги суу-саздуу жер.

жерде-сууда жашоочулардын 75тен ашык түрү мекендейт. Саванналарда ар түрдүү туяктуулар көп; алар көңдөй мүйүздүүлөр (африка буйволу, гну антилопасы, орикс, топи, стенбок, бушбок, жейрен ж. б.), о. эле африка пили, кара керик, жираф, зебра ж. б.; жырткычтардан арстан, кабылан, кара кулак шер, каракал ж. б. кезде­шет. Саваннанын орнитофаунасына африка төө кушу, бүркүт-турна, тоодак ж. б. мүнөздүү. Ру­дольф көлүндө нил крокодилинин эң ири попу­ляциясы бар.
Коргоого алынган көптөгөн табигый аймак­тар өлкөнүн 6% аянтын ээлейт; резерваттары: Амбосели, Масаи-Мара, Нгонг, улуттук парк­тары: Маунт-Кения, Найроби, Цаво ж. б.; де­ңиз фаунасын ж-а коралл рифинин экосистема­сын коргоо максатында деңиз акваториясын коргоого алган 11 участок уюшулган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Рудольф көлүн­дөгү 3 улуттук парк, Маунт-Кения улуттук пар­кы кирет. Эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге 6 көл киргизилген. 1980-жылдын аягы­нан баштап К-дагы жоголуп бараткан жаны­барлардын (африка пили, кара керик, хантер бубаласы ж. б.) түрлөрүн коргоо б-ча улуттук программа ишке ашырылууда.

Калкы

. К-нын калкынын басымдуу бөлүгү (64,6%) – бантулар; алар негизинен өлкөнүн түштүгүн ж-а түш.-чыгышын мекендейт. Батыш­та нилоттор (калктын 30,4%и), чыгышта ж-а түш.-чыгышта кушиттер жашайт. Арабдар 0,3%ти, Европадан ж-а Америкадан келгендер 0,2%т и, Тү ш.-Чыгыш Азия дан келгендер 0,5%ти түзөт. Калктын табигый өсүүсү 2,8% (2007). Төрөлүү (1000 адамга 39 бала) өлүм-жи­тимден (1000 тургунга 11 адам) 2 эсе ашык. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 42,1%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 55,3%ти, 65 жаштан ашкандар 2,6%ти түзөт. Калктын орт. курагы 18,6 жыл. Эркектер м-н аялдардын саны тең чамалаш. Күтүлгөн орт. жашы 55,3 жыл (эркектердики 55,2, аялдарды­кы 55,4). Калктын орт жыштыгы: 1 км2 жерге 60,4 адам (2007); Түн.-Чыгыш провинциясында сейрек (11,2 адам), Батыш провинциясында эң жыш (524,9 адам) отурукташкан. Шаар калкы 30%тей. Ири шаарлары (2007): Найроби (3038,6 миң), Момбаса (867,0 миң), Накуру (271,0 миң), Элдорет (239,7 миң), Кисуму (225,5 миң). Адам­зат өнүгүүсүнүн индекси 0,521 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 148-орунда; 2005).

Тарыхы

. К. аймагынан адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Кооби-Фора тургун жа­йы, көп катмарлуу ашель мад-на ж-а неолит дооруна таандык тургун жайлар табылган. 1- миң жылдыктын ортосу ченде К. аймагына бан­тулар отурукташып, эң жөнөкөй дыйканчы­лык, аңчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесип­тенишкен, Инди океанынын жээгинде жашаган­дар соода (пил сөөктөрүн атма куралдарга, кол өнөрчүлүк буюмдарына алмашышкан) кылыш­кан. 7–8-к-да суахили этностук жамааты ка­лыптанып, арабдар м-н алакалашып турган, 9– 10-к-да шаар-мамлекеттер (Манда, Пате, Малин­ди, Момбаса, Ламу шаар-архипелагы ж. б.) пай­да болуп, ислам дини тараган. 15-к-дын аягын­да шаар-мамлекеттерди португалдар басып ал­ган. 1696–99-ж. К. жээктери Оман имамынын карамагына өткөн. 1741-ж. Момбасада уюшул­ган жерг. Мазруи араб-суахили кланы көз ка­рандысыздыгын жарыялап, К. жээк аймакта­рына бийлигин орноткон. 19-к-дын башында Ламу ж-а Патеде Оман бийлиги калыбына кел­ген. 1861-ж. К. жээктери Занзибар султанды­гынын курамына кирген. 19-к-дын 1-жарымын­да К-да Европа мамлекеттеринин, баарынан мурда Улуу Британиянын экспанциясы баштал­ган. 1886-ж. Улуу Британия м-н Германиянын ортосунда Чыгыш Африканы бөлүштүрүү ж-дө түзүлгөн келишимдин негизинде К-нын көп бөлүгү Улуу Британияга караган. К-нын бүткүл аймагы «британ королунун менчиги» деп жа­рыяланып, К-ны колониялоо күчөгөн. 20-к-дын башында европ. келгиндер мыйзамдуу түрдө жер ээси болушкан. Африкалыктар европалыктар­дын жеринде ижарачы катары гана жашап, алардын үлүшү 1 гадан ашкан эмес. К. калкы­нын колониячыларга көрсөткөн катуу каршы­лыктарын британдык жазалоо экспедицияла­ры аёосуз басып турган. 1920–40-жылдары К-да уюмдашкан алгачкы саясий кыймыл пайда бол­гон. 1924–25-ж. Кикуйю ассоциация борбору, 1944-ж. К-лык африкалыктар союзу (КАС) түзүлүп, европалыктар тартып алган жерди аф­рикалыктарга кайтарып берүүнү талап кылган. 1952-ж. октябрда К-га британ. аскер күчтөрү кир­гизилип, колония саясатына каршы чыккан ку­ралдуу көтөрүлүштү баскан (1957). КАСка тыюу салынып, лидерлери камалган. Бирок Улуу Бри­тания К-га айрым жеңилдиктерди (жумушчу­лардын эмгек акысы көтөрүлгөн, саясий партия­лардын ишине, африкалыктарга шайлоого ка­тышуу укуктары берилген ж. б.) берүүгө арга­сыз болгон. 1960-ж. К-лык африкалыктардын улуттук союзу (КАУС) түзүлгөн. 1963-ж. 1-июн­да Ж. Кениата жетектеген К-нын биринчи

өкмөтү уюшулган. 1963-ж. 12-декабрда К. көз карандысыз мамлекет, 1964-ж. 12-декабрда Шериктештик курамындагы респ. болуп жарыя­ланган. Өлкө президенттигине Ж. Кениата, вице-президенттигине А. О. Одинга шайланган.
Өлкөдө экон. ж-а агрардык реформалар жүргү­зүлгөн. 1970-ж. коомдук-саясий иштердин бар­дык түрү мамл. көзөмөлгө өтүп, парт. ж-а мамл. аппараттар биригип, Кениатанын жеке бийли­ги чыңдалган. 1978-ж. Кениата өлгөндөн ки­йин Д. Т. арап Мои К-нын президенти ж-а КАУС-тун төрагасы, М. Кибаки вице-президенти бо­луп дайындалган. 1982-ж. Конституцияга өзгөр­түүлөр киргизилип, өлкөдө бир партиялуу сис- тема орун алган. 2002-ж. оппозициялык партия­лардын Улуттук коалициясы (лидери М. Киба­ки) түзүлүп, 2002-ж. 27-декабрда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. М. Кибаки ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнөлүк банк м-н кызматташып, өл­көгө акысыз башталгыч билим берүүнү киргиз­ген. 2003–05-ж. оппозициялык партиялардын коалициясы Р. Одинга (А. О. Одинганын уулу) жетектеген Сары кызыл демокр. кыймылына (СДК) бириккен. 2007-ж. президенттик шайлоо алдында Кибаки Улуттук биримдик партиясын (УБП) түзүп, шайлоодо жеңишке жеткен. Би­рок оппозиция президенттик шайлоонун жы­йынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү талаптары м-н элди массалык каршы­лык көрсөтүү акциясына чакырган, натыйжа­да бир миңден ашык адам өлүп, 300 миңдей адам үй-жайсыз калган. БУУнун мурдагы генералдык катчысы К. Аннандын күч-аракети м-н 2008-ж. февралдын аягында саясий кризис жөнгө са­лынган. Апрель айында СДК ж-а УБПнин өкүл­дөрүнөн коалициялык өкмөт түзүү ж-а Один­ганы премьер-министрликке дайындоо ж-дө ма­кулдашууга жетишилген.

Чарбасы

. ИДПнин көлөмү 57,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан туура келет. ИДПнин накта өсүү­сү 6,3%. Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 59,5%и, а. ч-нда 23,8%и, ө. ж-нда 16,7%и түзүлөт.
Ө. ж-нда минералдык сырьёлорду өндүрүүнүн мааниси зор: флюорит (экспорттун 17%и), сода (наркынын 63%и), алтын (11%, 616 кг), баа­луу таштар (рубин, сапфир, турмалин, аметист). О. эле Магади көлүнөн ж-а Инди океанынын жээгинен таш туз казылып алынат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 1,1 миң МВттан ашык (2005). Өндүрүлгөн электр энергиясынын өлчөмү 5,5 млрд кВт· с, өлкө ичинде керектелгени 4,5 млрд кВт· с (2005). Он ЖЭС, Тана д-нда ГЭС, Найваша көлүнөн түш­түктө геотермиялык ЖЭС иштейт. Кара метал­лургия импорттук сырьёнун негизинде: 4 болот прокат з-ду, цинктелген болот тунике, галва­ника өндүрүшү иштейт. Автомобиль курашты­руу ишканалары, нефть иштетүүчү з-д (импорт­тук сырьё) бар. Химия ө. ж. кальцийлештирил­ген сода, автомобиль ж-а велосипед шиналарын (импорттук каучуктан) чыгарат. Жыгач иш­тетүүчү, эмерек даярдоочу ишканалар, өлкөдөгү эң ири целлюлоза-кагаз комбинаты, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Цементтик ж-а курулуш акиташ теги, гранит, сланец, као­лин, гипс, айнек ж-а курулуш куму ж. б. казы­лып алынат. Ири цемент з-ддору иштейт. Текс­тиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш (эт-сүт, ун, кант, суусундук, пиво, чай, кофе), тамеки чы­гаруучу ө. ж. ишканалары өнүккөн.
Агр. өндүрүшү өлкөнүн экономикасында маа­нилүү орунду ээлейт; ал негизинен экспорттук багытта. Өлкөнүн аймагынын 8%тен ашык аянтын айдоо жер, 40%тейин жайыт ээлейт. А. ч-га жарактуу жери негизинен өлкөнүн борб. ж-а батыш бөлүктөрүндө; К-нын түш.-чыгышын­дагы жээк түздүктөрү дүйнөдөгү чай өндүрүүчү бирден бир регион болуп саналат (2005-ж. 295 миң т чай жалбырагы жыйналган; ал б-ча К.

Чай плантациясы.

дүйнөдө 4-, Африкада 1-орунда); 90%и экспорт­ко чыгарылат. Экспорт үчүн о. эле бал камыш, жүгөрү, буудай, кофе, сизаль, пахта, пирет­рум (К. дүйнө өлкөлөрүнүн 70%ке чейинки мук­таждыгын камсыз кылат), ички керектөөгө картөшкө, маниок, ананас, батат, жашылча, плантейн (жашылча банан), ак жүгөрү, таруу өстүрүлөт. Африкадан экспортко чыгарылуучу гүлдүн 60%и К-га таандык (негизинен роза, чеге гүл). 2004-ж. 26 млн үй кушу, 12 млн бодо мал, 12 млн эчки, 10 млн кой, 830 миң төө, 415 чоч­ко болгон. Балык кармалат. Жыгач даярдоо өнүккөн; тез өсүүчү дарактар (кипарис, кызыл карагай, бал карагай (кедр), эвкалипт ж. б.) өстүрүлөт.
Тейлөө чөйрөсүнүн туруктуу өнүккөн тарма­гы – чет элдик туризм (дарылоо-ден соолукту чыңдоочу – Инди океанынын жээгиндеги кум­дуу пляждар, экол. – улуттук парктарды ж. б. кыдыруу); ал валютанын негизги булагы болуп саналат. Жыл сайын К-га 1 млнго жакын ту­рист (негизинен Улуу Британия м-н Германия­дан) келет; туризмден түшкөн киреше 600 млн­дон ашык долларды түзөт. Банк-кредиттик сис­тема Кения Борб. банкын, 50дөн ашык коммер­циялык банкты, Британия банктарынын фи­лиалдарын камтыйт. Найробиде өлкөдөгү эң чоң биржа иштейт (1954-жылдан).
Транспорт тармагы өнүккөн; автомобиль жо­лунун уз. 63,3 миң км, т. ж-нуку 2,8 миң км. Негизги т. ж. магистралы – Момбаса – Найро­би – Тороро (Уганда м-н чек арасы). Негизги порттору: Момбаса, Кисуму (Виктория көлүнүн жээгинде). Найроби, Момбаса, Элдорет ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Продукту өткөргүч куу­ру (уз. 894 км) Момбаса ш-ндагы нефть кайра иштетүүчү з-ддон Найробиге (андан ары Накуру аркылуу Элдорет, Кисумуга) чейин созулат.
Өлкөнүн экспортунун наркы 3,8 млрд, импор­тунуку 7,6 млрд доллар (2007). Экспорттук не-

Кениянын акчасы – шиллинг.

гизги продукциялары: чай (наркынын 20%и), гүл, кофе, пиретрум, бал камыш, балык, цемент, минералдык сырьёлор (негизинен флюорит, сода, асыл таш сырьёлору). Экспорт б-ча негизги соо­да шериктери (2006): Уганда, Улуу Британия, АКШ, Нидерланд, Танзания, Пакистан. Бирик­кен Араб эмирликтеринен, Индия, Кытай, Сауд Арабиясынан, АКШ, ТАР, Улуу Британия, Япо­ниядан машина, жабдуу, транспорт каражат­тарын, нефть ж-а нефть продуктуларын, химия ө. ж. продукцияларын сатып алат.

Маданияты

Кениянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү түрдө акысыз баштал­гыч мектептерди (8 жылдык), орто мектептер­ди (4 жылдык), кесиптик-техникалык окуу жайларды жана жогорку окуу жайларды камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 59,2% түзөт (2005). Кесип­тик-техникалык окуу жайлар, политехникалык, педагогикалык, юридикалык, медициналык жана башка коллеждер (институттар), илимий мекемелер, жогорку окуу жайлар, китепкана жана музейлер негизинен Найро­би, Момбаса, Элдорет жана башка шаарларда жайгашкан. Негизги жогорку окуу жайлар Нжородогу Эжертон университети (1939), Элдореттеги Мои университети (1984); Момбасада Калк китепканасы (1903), Кисум, Китал, Ламу жана башка шаарларда Кения улуттук музейинин филиалдары, Руируда кофе (1949) жана Керичодо чай (1951) изилдөө, Тикеде Багбанчылык улуттук изилдөө (1955) борборлору бар.
Жумасына «Kenya Gazette» (1898-жылдан) өкмөттүк басылмасы жана күнүгө «The Standart» (1902), «Daily Nation» (1959), «Kenya-Times» (1983), «People´s Daily» (1992) гезиттери англис, «Taifa Leo» (1960), «Taifa Kenya» (1958) жана башка гезиттери суахили тилинде чыгат. Өкмөттүк маалымат агенттиги – Kenya News Agensy (KNA, 1963-жылы түзүлгөн). 1927-жылдан радио уктуруу, 1962-жылдан телеберүү иштейт.
Кениянын а д а б и я т ы суахили жана англис тилдеринде өнүккөн. XVII–XVIII кылымдарда алгачкы жаз­ма (негизинен баатырдык, диний, дидактика­лык поэмалар) эстеликтер суахили тилинде пай­да болгон. Акындар Муяка бин Хаджи аль Гас­сани жана Мван Купондун чыгармачылыгы XIX кылымга таан­дык. Суахили прозасы XX кылымдын ортосунан ка­лыптана баштап, Ж. Н. Сомба, А. Жемаадара, С. Вамбуранын повесттери жаралган. 1952–1956-жылдардагы Мау-Мау көтөрүлүшү П. Кареитанын «Белгиси жок мүрзө» (1969), П. Нгаренин «Өзүң айык» (1975), К. Сьямбонун «Жамандыктын ку­чагында» (1976) тарыхый романдарында чагыл­дырылган. 1970–1980-жылдарда детектив жанры (З. Бурхани, С. Омар Саид чыгармалары) пайда болгон. Социалдык проблемалар Г. Левинин «Ачуунун кесепети» (1981) романында чагылды­рылган. Кенияда англис тилиндеги адабият XX кылымдын 1-жарымынан калыптанган: Парменас Мокери, М. Коинанге, Ж. Кениата, М. Гикару жана башкалар. Нгу­ги ва Тхионго, Ч. Вачиума, А. М. Иманьяра, Л. Нгуйи жана башкалар тарыхый темага кайрылышкан. Ю. Давуддин реалисттик прозасы, ошондой эле саясий роман (В. Мутаха, Ф. Генга-Идова) жана башкалар кеңи­ри белгилүү болгон. 1960-жылдардан англис ти­линдеги поэзия өнүгө баштап, анда социалдык, саясий, философиялык лирика басымдуулук кылган. 1971-жылдан Найробиде «Африкалык акындар» сериясында антологиялар жана ыр жыйнактары жарык көргөн. «Өрөөндөгү жаңырык» (2000) деген чыгыш-африкалык поэзиянын антология­сында И. Макоха-Накайо, Н. Алусала, О. Ор­венжо жана башка Кения акындарынын чыгармалары кам­тылган.
Кения аймагында орто кылымдарга таандык археологиялык эстеликтер (таштан курулган мал короо, үстүнө таш үйүлгөн мүрзөлөр, сугат каналдарынын из­дери жана башкалар) сакталып калган. VII кылымда араб тибинде салынган Геди, Малинди, Унгвана, Мнарани, Таква, Момбаса жана башка ири шаарлар пайда бол­гон. Чарчы түрдөгү мечиттер курулган. Имарат­тарды курууда коралл ташы жана кызыл чопо колдонулган. XVI кылымга таандык Момбасадагы Иисус форту жана Малиндидеги Васко да Гама­нын таш колоннасы сакталган. XX кылымда Най­роби жана башка шаарларда европалык стилдеги имараттар, кот­теждер, виллалар тургузулган. Архитектуралык ку­рулуштарды европалыктар жетектеген. Кениялык­тар жыгачтан, чоподон (маска, статуэтка жана башкалар) ар кандай буюмдарды жасап, оймо-чийме түшүрүшөт. Кения музыка маданиятынын негизин банту, нилот, ку­шит, суахили элдеринин салты түзөт. Ата-баба­сынан бери музыкант болгондорду көзү ачыктар деп жогору баалашкан.Кения музыкасына араб, инди, колониялаштыруудан баштап европа музыкасы таасир тийгизген. XIX кылымдын аягынан шаарларда аскердик үйлөмө оркестр, жаз-банд, музыкалык ансамблдери, XX кылымдын ортосунан америкалык музыка жана кубалык румба, бенга кеңири та­раган. Белгилүү музыканттар: М. Ж. Боско, О. Кайамба, Л. Тутуту, Ж. Самбу, Д. Катуга жана башкалар 1960-жылдардан Кения улуттук музыкалык маданиятка мамлекет колдоо көрсөтөт. Мектеп програм­маларына музыка жана бий сабактары кирген. 1974-жылы Кениата университетинин алдында музыкалык мек­теп ачылган. Улуттук музыкалык салтты «Кения жыландары» ыр жана бий ансамбли, «Муунгано» улуттук хору өнүктүрөт. Кения улуттук музыка изилдөөчүлөр – Х. О. Аньюмба, В. А. Омонди.
Кенияда музыка-бий ансамблдери арбын. 1948-жылдан Найробиде Д. Маул негиздеген англис театры иштейт. 1952-жылы Найробиде Улуттук театр, 1997-жылы «Гаара» бий тобу түзүлгөн. 1963-жылы Кения өз алдынчалыкка ээ болгондо Найробиде жаңы театр коллективдери пайда болгон, анын ичинде «Чем­чеми» труппасы эң белгилүү, негиздөөчүсү жана жетекчиси – Э. Мпахлеле. 1970-жылы Улуттук театр труппасы түзүлгөн.


Ад.: Филатова И. И. История Кении в новое и новейшее время. М., 1985; Африка. Энциклопеди­ческий справочник. М., 1986; Матвеева Н. Ф. Кения.
Справочник, 3-е изд. М., 2004; Кения // Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.