КЕРЕЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕЧ (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбы­рактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы фор­масы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү Түндүк жа­рым шарда ж-а Жаңы Зеландияда кездешет. Кыргызстанда 5 түрү орто бийик ж-а өтө бийик тоо­догу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жыл­гаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын криофиттик өсүмдүктөр арасында өсөт. Керечтин бир түрү (көп сабактуу кереч) – Кыргызстандын эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгер­теден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү кереч) ичеги-карын ооруларына дары катары колдо­нулган.