КЕРЕҢКУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕҢКУР (Tetrao) – каракурлар тукумунда­гы ири куштар уруусу. Узундугу 56–85 см, салмагы 4–5,5 кг, кээде 6,5 кгга жетет. Эркеги сайрап жат­кан учурда бир аз убакыт кулагы укпай калат (аты ошондон). Полигамдар. Евразия токойло­рун мекендейт. Эки түрү белгилүү: кереңкур ж-а корум керең куру. КМШ өлкөлөрүндө Кар-

Кереңкур: 1 – эрке­ги; 2 – ургаачысы.

пат, Байкал, Камчатка, Сахалинде кездешет.
Өсүмдүк бүчүрлөрү, жалбырактары м-н азыкта­нат. Токойлор көп кыйылып, мергенчилик кү­чөгөндүктөн, саны азайып кеткен. Дарвин ж-а Березин коруктарында багылат. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.