КЕРЕНСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́РЕНСКИЙ Александр Фёдорович [22. 4 (4. 5). 1881, Симбирск – 11. 6. 1970, Нью-Йорк, сөөгү Лондонго коюлган] – орус саясий ишмери. Мамл. 4-думанын депутаты (1912–17). Февраль рев-ясынан кийин (1917) Петроград кеңешме­синин төрагасы, 1917-ж. март айынан эсер. К. Убактылуу өкмөттүн курамында юстиция министри (1917, март–май), аскер ж-а деңиз ми­нистри (май–сентябрь), 8 (21)-июлдан министр­төрага, 30-августтан (12-сентябрь) жогорку баш­кы командачы. 1917-жылдагы Июнь чабуулу­нун, 1917-жылдагы Июль күндөрүндө жумуш­чулар м-н солдаттарды жазалоонун, большевик­тер партиясын куугунтуктоонун демилгечиси. Петрограддагы Октябрь куралдуу көтөрүлүш күндөрүндө [25-октябрь (7-ноябрь)] Керенский- Краснов козголоңуна (1917) жетекчилик кылып, ал талкаланган соң [1(14)-ноябрь], Донго кач­кан. 1918-ж. Францияга эмиграцияга кетип, 1940-жылдан АКШда жашаган. Мемуарлардын, саясий изилдөөлөрдүн автору. Россиянын 1917- жылдагы саясий тарыхы б-ча маанилүү доку­менттерди камтыган Орус Убактылуу өкмөтү, 1917: Документтер («Русское Временное прави­тельство», 1917: Документы, vol. 1–3, 1961) жый­нагын чыгарган (амер. тарыхчы Р. П. Браудер м-н бирге), аны түзүүдө өзүнүн ишмердигинин ыңгайсыз жактарын чагылдырган документтер­ди жыйнакка киргизбей койгон.


Чыг.: Русская революция, 1917. М., 2005; Дневник политика: революция началась. Издалека. Дело Корнилова. М., 2007.


Ад.: Иоффе Г. З. Семнадцатый год: Ленин, Керен­ский, Корнилов. М., 1995; Басманов М. М., Гераси­менко Г. А., Гусев В. К. Керенский. Саратов, 1996.