КЕРЕЗБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕЗБЕКОВ Канат (29. 1. 1970-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал айылы) –

юридика илимдеринин доктору (2008), КРдин эмгек сиңирген юристи (2009). 1993-жылы КМУну бүткөн. 1992–96-жылдарда ил­имий-өндүрүштүк «Элдос ЛТД» фирмасында юрист­-консультант, 1996–99-жылдарда КР УИАнын филосо­фия ж-а укук институтунда илимий кызматкер, улук илимий кыз­маткер, бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдарда КМУда оку­туучу, доцент, кафедра баш­чысы, 2001–02-жылдарда КМУда юридика институтунун директо­рунун орун басары, дирек­тордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан КРдин Өкмө­түнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору. КРдин Де­мократиялык, Жер кодекстери ж. б. мыйзам актыла­рынын, КР УИА, Ипотека, Третейский суд ж-а КРдин жер-агрардык реформасы боюнча мыйзамдардын пакетин иштеп чыгуучулардын бири. «Кыргыз Республикасынын жер укугу», «Третейский суд», «Укук таануу» окуу куралдарын даярдоо боюнча автордук жамааттын жетекчиси, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат кара­жаттары жана укук» окуу куралына авторлош. 80ден ашуун илимий макалалардын автору. «Даңк» медалы м-н сыйланган.