КЕРЕЗБЕКОВ
КЕРЕЗБЕКОВ Канат (29. 1. 1970-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Жумгал айылы) –

юридика илимд. доктору (2008), КРдин эмг. сиң. юристи (2009). 1993-ж. КМУну бүткөн. 1992–96-ж. илөндүрүштүк «Элдос ЛТД» фирмасында юристконсультант, 1996–99-ж. КР УИАнын Философия ж-а укук ин-тунда ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, бөлүм башчысы, 1999–2005-ж. КМУда окутуучу, доцент, кафедра башчысы, 2001–02-ж. КМУда Юридика ин-тунун директорунун орун басары, директордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу Кыргыз
мамл. юрид. академиясынын ректору. КРдин Демокр., Жер кодекстери ж. б. мыйзам актыларынын, КР УИА, Ипотека, Третейский суд ж-а КРдин жер-агр. реформасы б-ча мыйзамдардын пакетин иштеп чыгуучулардын бири. «Кыргыз Республикасынын жер укугу», «Третейский суд», «Укук таануу» окуу куралдарын даярдоо б-ча автордук жамааттын жетекчиси, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жана укук» окуу куралына авторлош. 80ден ашуун ил. макалалардын автору. «Даңк» медалы м-н сыйланган.