КЕРБЕН (жүктүү унаалар тобу)
КЕРБЕН – соода кылуу максатында узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу. К. тарткан адамдар кербенчи, башкарган адам К. башы деп аталган. Баруучу жолду мыкты билгендиктен, жол баштоо, зарыл нерселер м-н камсыз кылуу К. башынын милдетине кирген. К-ди түзгөн жүктүү төөлөрдү 5–9дан чиркештирип, алдыңкысы м-н эң арткысына чоң коңгуроо тагып, астында бир адам жол баштаса,

артында бир адам жүктөргө көз салып, оогонкыйшайгандарын оңдоп-түздөп, төөлөрдү айдаган. К-чилер жол боюндагы К. сарайларга түнөшкөн (мис., Борб. Теңир-Тоо аркылуу Улуу Жибекжолуб-чаөткөнК-чи-саякатчыларТаш- Рабат кербен сарайына токтоп өтүшкөн). Байыртадан Ж. Чыгыш ж-а О. Азия, Африка элдеринде К. м-н соода кылынган саякат жасалган. Сооданын өнүгүшүнө, мад-ттын таралышына, элдердин өз ара байланышына, жакындашуусуна зор өбөлгө түзгөн.