КЕРБЕЛЬ
КЕ́РБЕЛЬ Лев Ефимович [25. 10 (7. 11). 1917, Украина, Сумы обл., Семёновка кыш. – 14. 8. 2003, Москва] – сов. скульптор, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950). СССР эл сүрөтчүсү (1977), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1962). Монументалист портретчи. Соц. Эмг. Баатыры (1985). 1962-жылдан Москва көркөм сүрөт интунда окутуучу, проф. (1963) болгон. Көптөгөн аскер адамдарынын, космонавттардын, эмгекчилердин, окумуштуулардын, мамл. ишмерлер-

дин портреттерин жараткан: «Жеңиш парады», «Ленинди угуп жатышат» (гипс, 1948–49; СССР мамл. сыйл., 1950); Сов. Союзунун эки жолку Баатыры В. С. Петровдун (мрамор, 1951), Соц. Эмг. Баатыры К. С. Мухтарованын (мрамор, 1954), В. И. Лениндин Горькидеги (гранит, 1959), К. Маркстын Москвадагы (гранит, 1961; Лениндик сыйл., 1962), Карл-Маркс-Штадттагы (азыр Кемниц; коло, 1971) ж. б. эстеликтердин автору. Ленин ордени м-н сыйланган.