КЕРБЕЛА
КЕРБЕЛА́ – Ирактын борб. бөлүгүндөгү шаар.
Кербела мухафазасынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Евфрат д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Шаар аркылуу Багдад м-н Меккени байланыштыруучу жол өтөт. Мусулман-шейиттердин ыйык шаары ж-а зыярат кылуучу жайы. Калкы 498,3 миң (2008). Ашур майрамы мезгилинде калкы 3 млнго чейин жетет (негизинен Ирандан келген зыяратчылардын эсебинен). Ири соода-жол тоому. Тамак-аш (кант, жашылча консервалары), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент ө. ж. ишканалары иштейт. Кол
өнөрчүлүк (негизинен диний буюмдар) өнүккөн. К-да 100дөн ашык мечит, 23 медресе, ун-т бар. К. 7-к-да негизделген. Бул шаарда Мухаммед пайгамбардын небереси Кусейиндин күмбөзү (680-ж. ушул жерде өлтүрүлгөн), о. кылымдын арх-ра эстеликтеринен имам Кусейиндин мавзолейи (мечит медресеси м-н; 1991-ж. шейиттер, 2000-жылдын ортосунда террористтер тарабынан катуу талкаланып, кийинчерээк калыбына келтирилген), Аббас мечит-мавзолейи, акын Физулинин күмбөзү, шаардын айланасында Омейяддардын сарай-капкасынын урандылары сакталган.