КЕРБАБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРБАБАЕВ Берди Мурадович [3(15). 3. 1894, Түркмөн ССРи, Тежен району, Коуки-Зерен айы­лы – 23. 7. 1974, Ашхабад] –

түркмөн жазуучу­су, Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951), Түркмөнстан эл жазуучусу (1967), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1948, 1951). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Ле­нинград университетинин Чыгыш таануу факультетин бүткөн (1928). Чыгармачылыгы 20-кылымдын 20- жылдары башталган. Ал­гачкы чыгармалары – «Кыз дүйнөсү» (1927), «Адат кур­маны» (1928) поэмалары. «Чечүүчү кадам» аттуу революциялык-тарыхый ро­маны (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948), «Курбан Дур­ды» (1942) повести, «Айлар» поэмасы, «Бир туу­гандар» ж-а «Махтумкули» (1943) пьесалары ж. б. чыгармалары бар. «Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны» повестинин, нефтичилер турмушун сүрөттөгөн «Небит-Даг» (1957) ж-а түркмөн эли­нин көрүнүктүү революционери ж-а коомдук ишмери К. Атабаев жөнүндөгү «Кереметтүү төрөл­гөн» (1965) романдарынын автору. А. С. Пуш­кин, Л. Н. Толстой, М. Горький ж. б. жазуучу­лардын чыгармаларын түркмөн тилине котор­гон. 3 Ленин ордени м-н сыйланган.