КЕПТӨӨ
КЕПТӨӨ – чылгый териден шири идиштерди жасоо ыкмасы. Тоборсуган чылгый тери жасалуучу идишке ылайыктап бычылып жана тигилип, оозуна тегерек алкак бекитилип, ичине жумшак топурак шыкалат да, сыртынан кол менен чапкылап, тиешелүү түргө (мисалы, көнөктүн түбү жалпак, чоргосунун түбү жоонураак, учун төмөн карай ийилтип, оозу тарыраак жана бөйрөктүү кылып кептелип, желдеп турган көлөкөгө коюлган) келтирилген. Ал тоборсуган соң, бетине калемдей мукур учталган катуу жыгач (четин, арча, шилби жана башкалар) менен түрдүү оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Абдан кургатылып, ышталгандан кийин (3–5 сутка) урунууга жарактуу болгон.