КЕПСЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПСЕН – дыйканчылык жерлеринде түшүм жыйноо (кызылдоо) учурунда кырманга келген айрым кишилерге кырманчылар тарабынан бе­рилген эгин. Эгин басылып, кызылы сапыры­лып, чечкор өткөрүлүп, капка салардан же ороо­го куярдан мурда темин басууга, эгин сапыруу­га жардамдашкан же ошол учурда «Кырман толсун!» деген алкоосун айтып, кырманга кел­ген аксакалдарга, балдарга, ошондой эле жетим-же­сирлерге кырман ээси бир күрөк, бир табак, бир калбыр же бир чака кызыл салып берген. Ай­рым учурда кырман ээси чечкор (темин көжө) жасап, айыл аксакалдарын, аттуу-баштуу ки­шилерди чакырган. Тамак ичилип, бата берил­генден кийин аларга кызылдын көлөмүнө жа­раша кепсен берген.