КЕПЛЕР ЗАКОНДОРУ
КЕ́ПЛЕР ЗАКОНДОРУ – планеталардын кыймылынын үч закону. Аларды И. Кеплер ачкан. Б и р и н ч и з а к о н – бардык планета эллипс боюнча кыймылдайт, анын бир фокусунда Күн жайгашкан. Э к и н ч и з а к о н – ар бир планета Күндүн борбору аркылуу өтүүчү тегиздикте кыймылдайт, бирок планетанын радиусвектору сызган орбита секторунун аянты убакытка пропорциялаш өзгөрөт. Демек, планета Күнгө канчалык жакын болсо, ылдамдыгы ошончо чоң. Перигелийде планетанын сызыктуу ылдамдыгы өтө чоң, афелийде өтө кичине, башкача айтканда планетанын эллипс боюнча кыймылынын ылдамдыгы сан жагынан өзгөрөт (к. сүрөт).
Ү ч ү н ч ү з а к о н – планеталардын Күндү

айлануу убакыттарынын квадраттары алардын Күнгө чейинки орточо аралыктарынын кубдарындай катышат ж-а төмөнкүчө жазылат: 2 3 1 2 2 2 – 2 –3 1 1 , мында Т , Т – ???????? планеталардын айла-
нуу мезгили; а1, а2 – орбиталарынын чоң жарым октору. Кеплер закондору планеталардын Күнгө чейинки орточо аралыгын жылдыздык мезгил (синодикалык мезгил) м-н байланыштырат ж-а планеталардын Күнгө карата салыштырмалуу аралыгын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, башкача айтканда бардык планеталар чоң жарым огун Жер орбитасынын чоң жарым огунун бирдиги м-н туюнтууга жардам берет. Кеплер закондору Ньютондун тартылуу закондорунун негизинде түшүндүрүлөт.