КЕПИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПИЧ – ийленген булгаарыдан колго ултарыл­ган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыр­тынан кийилген. Баш жагы ичтелет, четтери тарамыш м-н кайылып, ичи таманга бекити­лет. К. жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып ултарышкан. Жигиттердин ж-а кыз-келиндердин К-и оймо-чиймелер м-н асем­делген.