КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Какшаал кырка тоосу­нда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосу­нун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун сол куймасы. Мүдүрүмдүн ала­бында, Болгонду ж-а Жырганакты мөңгүлөрү­нүн аралыгында жайгашкан. Уз. 5,2 км, аянты 6,7 км2, абляцияcынын аянты 2,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4920 м, этеги 3980 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Мөңгүдөн агып чыккан өзөн Мүдүрүмдүн сол куймасы – Кең-Төргө сол тараптан куят.