КЕҢ-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-САЙ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Савай айыл округуна караштуу. Кара- Суу – Өзгөн автомобиль жолунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 2 км чыгыш тарапта. Калкы 4256 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.