КЕҢКОЛ БАЗАЛЬТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ БАЗА́ЛЬТ КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 28 км, Кара-Жылга тоосунун түндүк капта­лында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте. 1991-жылы геологиялык карта түзүү маалында табылган. Туурасы 150 м­ден 600 мге чейин, узундугу 2,6 км болгон линза сы­мал базальт теги палеогендин көк турпак сви­тасында жатат. Базальттан экинчи категория­дагы минералдык була алууга болот. Болжол­дуу ресурсу 21 млн м3.