КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИ́Т КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 25 км түндүк-чыгышта, Кеңкол суу­сунун башатында, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте. 1936-жылы табылган. Эни 2–3 км, узундугу 11–12 км бол­гон андалузит минералынан турган метаморфизм тектери, кеңкол аляскит интрузиясынын экзо­контагына тушташ жатат. Мында 3 кенташ тулкусу бөлүнгөн. Биринчисинин узундугу 2 км, ка­лыңдыгы 300 м; андалузиттин өлчөмү 25,5%ке чейин жетет. Калган эки кенташтын тулкусу анчалык чоң эмес. Кендин жарамдуулугу изил­денип баалангандан кийин белгилүү болот. № 1 кенташ тулкусунун болжолдуу ресурсу 75–80 млн т.