КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИТ КЕНИ
КЕҢКОЛ АНДАЛУЗИ́Т КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 25 км түн.-чыгышта, Кеңкол суусунун башатында, деңиз деңг. 3000 м бийикте. 1936-ж. табылган. Эни 2–3 км, уз. 11–12 км болгон андалузит минералынан турган метаморфизм тектери, кеңкол аляскит интрузиясынын экзоконтагына тушташ жатат. Мында 3 кенташ тулкусу бөлүнгөн. Биринчисинин уз. 2 км, калыңдыгы 300 м; андалузиттин өлчөмү 25,5%ке
чейин жетет. Калган эки кенташтын тулкусу анчалык чоң эмес. Кендин жарамдуулугу изилденип баалангандан кийин белгилүү болот. ¹ 1
кенташ тулкусунун болжолдуу ресурсу 75–80
млн т.