КЕҢЕШ (Ысык-Ата районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢЕШ , О к т я б р ь – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Кочкорбаев айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жо­лунун боюнда, деңиз деңг. 736 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 10 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Кал­кы 7235 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенип, мал м-н алектенет. Орто ж-а негизги мектеп, 2 китепкана, мад-т үйү бар. Ушул кыш­такта туулган Соц. Эмг. Баатыры Ы. Кочкорба­евге эстелик тургузулуп, музей уюштурулган.