КЕҢЕШ (Ноокат районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Төөлөс айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1110 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 33 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 14 км. Калкы 2710 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, дарыкана бар.