КЕҢ-БУЛУҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:28, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-БУЛУҢ , К ы з ы л - Т у у – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кең-Булуң айыл округуна караштуу. Бишкек–Балыкчы автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 765 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 45 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1921-жылы негизделген. Калкы 3308 (2007); негизинен дыйкан ж-а фер­мер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, маданият үйү, ФАП бар. Соода ж-а тамак­тануучу жайлар, турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.