КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ – ө. ж-да колдонуу­га жарактуу, тех., экон. жактан баалуу кен бай­лыкты өндүрүп алуучу тоо-кен ишканасы. Мында түстүү металлдар (жез, жез-никель, коргошун­цинк, вольфрам-молибден, калай), кара металл­дар (темир, марганец, хром), металл эмес кен­дер (фосфор, калий, графит ж. б.) кайрадан иштетилет. Процесс майдалап сорттоо, жууп тазалоо, флотация, гравитациялык, магниттик, комбинациялык ж. б. технол. ылгоолордон ту­рат. Ф-када даярдык көрүүдө (талкалоо, майда­лоо, эзип эритүү, сорттоп класстарга бөлүү, күй­гүзүү), негизги (гравитациялык, магниттик сепа­рация, флотация), жардамчы иштер (суусуздан­дыруу, коюлтуу, кургатуу, тундуруу) жүргүзүлөт. Кен калдыктары (катуу, суюк) кошумча иште­тилет. Негизги реагенти м-н калдыгы өзүнчө бөлүнөт. Аба, чаңдан тазаланат. Калдыгы (суу, кум) таштандыга кетет. Реагент (концентрат) бункерге топтолот. Концентратта пайдалуу эле­менттер канчалык көп болсо, кен ошончолук көп ылганат. Жогорку даражада механикалаш­тырылган ж-а автоматташтырылган (сигнал­дашкан, контролдошкон, блокторго бөлүнгөн) ылгоодо кен калдыксыз ылганат.


Ад.: Разумов К. А., Перов В. А. Проектирования обогатительных фабрик. М., 1982; Калмыков А. В., Журбинский Л. Ф. Борьба с пылью и шумом на обогатительных фабриках. М., 1984.