КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ
КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ , к о р у м к е н и – арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер м-н кенташтардын физ.-хим. жол м-н талкаланышынан пайда болот. Эгерде кен алгачкы талкаланган жерде топтолсо, элювий, суу агызып бир жерге чогулса – аллювий, деңиз жээгине жыйылса – латериттик болуп бөлүнөт. Пайда болуу мезгилине жараша азыркы учурдагы (антропоген мезгилиндеги), байыркы убактагы (неоген мезгилине чейинки) түрлөрдөн турат. Орун алып жайгашуусу б-ча ачык (жер үстүндө), көмүскө же жабык (борпоң тектер көөмп калган) түрдө кездешет. Алтын, платина, алмаз, циркон, титан, касситерит, шеелит сыяктуу оор салмактагы, физ.-хим. процесстерге туруктуу, оңой талкаланбаган минералдар жолугат. Кээ бир кымбат баалуу кендерди өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Алмаз, вольфрам, калай кендеринин дүйнөлүк запасынын теңи – чачыранды кендер.