КЕНТАШ ЧЫГАРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ЧЫГАРУУ – жарылма заттардын жардамы м-н жардырылган, камеранын ичин­деги талкаланган кенташты сыртка чыгаруу. Ар кандай чоңдуктагы кесек талкаланган бөлүкчөлөр атайын чубуртуп ташуучу түзүлүш м-н жер бетине жеткирилет. Өзү түшүрүүчү маши­нага, конвейерге да чубуртуп жүктөөчү түзүлүш колдонулат. Кенташтын кесектиги, нымдуулу­гу, аларды түзүүчү минералдардын физикалык касиет­тери, кенташты сыртка чыгаруучу түзүлүштүн жазылыгы, өлчөмдөрү эмгек өндүрүмдүүлүгүндө чоң роль ойнойт.