КЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТ , к е н д – 1) эл отурукташкан жер, чоң кыштак, шаар; 2) сепил, коргон. Согд жазуула­рында жана араб география эмгектеринде «кат» тү­рүндө жазылып, «үй» маанисин берген. «Кент» («кат») байыркы термин катары бүтүн Орто Азия­да, ошондой эле Чыгыш Түркстанда, Иран жана Афган­станда энчилүү ат катары кеңири таралган. «Кат» түшүнүгү хинд-европа, финн-угор, монгол тил­деринде да пайдаланылат (мисалы, украинче «ха­та» түшүнүгү да «кат» сөзүнөн алынган). «Кент» энчилүү аттарда да «кан», «кенд», «кат» түрүндө кездешет. Кыргызстанда Ноокат, Торкент, Ноокен, Өзгөн (Узкендт), Бешкент жана башка, Орто Азияда Чымкент, Ташкент, Самарканд жана башкалар белгилүү.