КЕННЕДИ
КЕ́ННЕДИ Жон Фитцжералд (29. 5. 1917, Бруклин, Массачусетс штаты – 22. 11. 1963, Техас, Даллас) –

мамлекеттик ж-а саясий ишмер, АКШнын 35-президенти (1961–63), миллионер католиктин үй-бүлөсүнөн. 1940-жылы Гарвард университетин бүтүргөн. 1941–45-жылдарда АКШ АДФте флот офицери, 1947–61-жылдарда АКШ демократиялык партиясынан АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасына мүчө, 1953–61-жылдарда Массачусетс штатынан Сенаттын мүчөсү. Президент катары социалдык-экономикалык реформалардын чектелген программасын сунуш кылган. Согуштук блокторду ж-а АКШнын куралдуу күчтөрүн чыңдоого аракеттенген, ошондой эле дүйнөдөгү күчтөрдүн өз ара катышынын өзгөрүшүн эске алып, СССРге реалдуу мамиле жасоого үндөгөн. АКШнын реакциячыл чөйрөлөрү Далласта атып өлтүрүшкөн.