КЕНЖИСАРИЕВ
КЕНЖИСАРИЕВ Марат Сарымсакович (25. 4. 1965-жылы туулган, Чүй облусу, Токмок) – генерал-майор (2010). Минск жогорку аскердик-саясий окуу жайын (1987), КМУну (1996), РФ аскер академиясынын жогорку академиялык курсун (2008) бүткөн. 1987–88-жылдарда Волга бою аскер округундагы мотоаткычтар дивизиясында рота командиринин орун басары, 1988–90-жылдарда аскерлердин түндүк тобунун аткычтар батальонунда рота командири-

нин орун басары, 1990–92-жылдарда Түркстан аскер округунун кенже адистерди даярдоочу окуу борборунун гвардиялык аткычтар полкунда рота командиринин орун басары, жардамчысы (1991-жылдан), 1992–94-жылдарда КР коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде бөлүмдүн офицери, улук офицер, 1994–97-жылдарда КР коргоо министрлигинде улук офицер, начальниктин орун басары-бөлүмдүн начальниги, 1997–2000-жылдарда иш башкармалыгынын начальниги, 2000–01-жылдарда борбордук аппаратында секретариаттын начальниги – коргоо министринин жардамчысы, 2001–07-жылдарда аскер-техникалык кызматташтык башкармалыгынын начальниги, 2007–09-жылдарда эл аралык аскер кызматташтык башкармалыгынын начальниги, 2009–10-жылдарда КР коргоо министринин 1-орун басары болуп иштеген.