КЕН ЖАРДЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЖАРДЫРУУ – жардыруучу заттар м-н кенташтарды жардырып талкалоо. Бул иш жардыруучу заттар, жардыргыч каражаттары (капсула милте, жип, электр заряд ж. б.) аркы­луу ишке ашырылат. Тоо тектери м-н кенташ­тарды жардыруу үчүн адегенде аларды бургулайт же кол м-н оёт. Оюлган оюкка же бургуланган көзөнөккө керектүү өлчөмдө жардыруучу зат салынат. Аны дүрмөт м-н от алдырат. Тоо тек­тери өз алдынча, кенташтар алардан бөлөк жар­дырылат. Жер астындагы тоо тектерди же кен­таштарды жардырып, боштуктарды пайда кы­луу аркылуу тереңдиктеги ири кендер казылып алынат. Көмүр катмарларын өндүрүүдө жалын­сыз жардыруу иштери колдонулат. Өзгөчө газ м-н чаң кездешкен көмүр шахталарында жалын­сыз жардыруу негизги орунду ээлейт.