КЕНЕНСАРИЕВ
КЕНЕНСАРИЕВ Ташманбет (5. 9. 1949-ж. т., Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Кара-Суу кыш.) –


тарыхчы, тарых илимд. доктору (1998), проф. (1999) КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (2008). Жалал-Абад пед. окуу жайын (1968), КМУну (1978) бүткөн. 1970–73-ж. Жаңы-Жол р-нундагы Абдыкалык атн. орто мектепте мугалим, 1978–79-ж. ММУда стажёр, 1979–85-ж. КМУда окутуучу, 1985–99-ж. ОМПИде (кийин ОшМУ) бөлүм башчы, тарых-укук таануу ф-тинин деканы, улук ил. кызматкер, доцент, 1999–2006-ж. окуу иштери б-ча проректор, 1-проректор, 2006–07-ж. КРдин Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр ин-тунун директорунун орун басары, 2007– 09-ж. КРСУда проректор, 2009–10-ж. ЖАМУнун ректору болуп иштеген. Кокон хандыгынын тарыхына арналган 300дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 12 монография, 3 окуу китеби, 16 окууметодикалык көрсөтмө) автору. Англиядагы (Кембриж) эл аралык биография борбору «2005-жылдын көрүнүктүү педагогу» наамын ыйгарган.