КЕНЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЕЛЕР (Асarina) – жөргөмүш сымалдар клас­сындагы муунак буттуу жандыктар тобу. Чоң­дугу 0,05–13 мм, ал эми тойгон кан соргучтар­дыкы 30 ммге чейин жетет. Баш-көкүрөгү кур­сагы м-н биригип, денеси муунаксыз. Айрым жөнөкөй К-дин денесинде муунагы сакталып калган. Денеси жука калканчалар м-н каптал­ган, түрдүү түстө. Оозу азыктанышына жараша ар кандай түзүлүштө. Териси же кекиртеги м-н дем алат. Сезүү органдары жөнөкөй түзүлүштө.
Алар – жырткычтар, өсүмдүк, ошондой эле сүт эмүүчү жаныбар ж-а кишинин каны м-н азыктанышат. Кенелер айрым жыныстуу организмдер, көбүнчө жы­ныс диморфизми байкалат, жумуртка, кээ бири тирүү тууйт. Өөрчүү цикли жумуртка, личинка­га чейинки стадия, личинка, анан 3 нимфа ста­диясын өтүп, жетилген организмге айланат. Ли­чинкасынын 6, нимфа м-н чоңдорунун 8 буту, тулкусунун алдыңкы бөлүгүндө 2 жуп буту (хе­лицер ж-а педипальпы) болот. Кээ биринин ба­шында 4, арткы бөлүгүндө 2 жуп буту бар. Ай­рым кенелердин баш көкүрөгүндө 6 жуп буту болуп, курсагы бутсуз. 4 жуп буту тырмактуу ж-а жа­бышкак. Хелицеринин учундагы кыпчууру тыр­мак же ийне сымал, ал азыгынын терисин саюу ж-а ага жабышуу, жемин кармоо, майдалоо ж. б. милдеттерди аткарат. Кенелердин 300 тукуму, 20 миңдей түрү бар. Бардык жерде кеңири та­ралган. Чириген калдыктар м-н азыктанат.
Өсүмдүк м-н жаныбарларга мителик кылат.
Кенелердин кан соргуч түрлөрү бир катар оорулардын козгогучтарын таратат. Айрым кенелер топурак пай­да кылууга катышат, өсүмдүктүн кээ бир зыян­кечтерин кырып, пайда келтирет. Иксод, аргас кенелери адам ж-а жаныбарлардын эктопаразитте­ри, ошондой эле энцефалиттер, геморрагия калтырат­масы ж. б. оорулардын козгогучтарын жугузат. Айрымдары тасма курттардын аралык ээси, үй жаныбарларынын митеси болуп эсептелет. Кам-


Кенелер: 1 – кампа ке­неси; 2, 3 – чопкуттуу кенелер; 4 – котур ке­неси; 5, 12 – иксод ке­нелери; 6 – чалгычан кене; 7, 8 – тузсуз суу кенелери; 9 – галл ке­неси; 10 – кадимки желе кенеси; 11, 13 –аргас кенелери.

па кенеси дан запасын бузат, котур кенеси адам м-н жаныбарлардын терисинде мителик кылып, котур оорусун пайда кылат.