КЕНЕ ДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЕ ДАН (Ricinus L.) – сүт тикендер тукумун­дагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү – кадимки К. д. (R. communis L.) бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. А. и. көп эгилгендери: перс, сангвинеус, Занзибар ж-а кытай К. д-ы (уругунан май алынат). Африкада К. д. бадал же дарак (бийикт. 10 мдей) түрүндө өсөт. КМШ өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус К. д-ы ж-а гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийикт. 1–2 м, айрымдары 4 мге чейин) түз, бутактанып өсөт. Heгизги сөңгөгүндө 5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 уругунун салм. 200–500 г. К. д-да рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам ж-а мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°Сде өнөт), кара топу­рактуу жерде жакшы өсөт. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланы­лат. К. д-дын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат. К. д. зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө ж. б.; илдеттери – боз чирик ж. б.